Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Турмуш шарты, иштин, күндөлүк тиричиликтин ж. б. жөн-жайы, жалпы ал-жайы. Алтынбектин абалы да меникинен жакшы эмес («Ала-Тоо»). Иван Алексеевич, абалыбыз ушул, бир кырсыктан аман калдык (Сасыкбаев). 2. Нерсенин белгилүү бир шарттагы көрүнүшү, турган турушу. Заттын газ түрүндөгү абалы. 3. Отурган-турганы же башка бир көрүнүшү боюнча белгилүү калыпта болгондук. Жаагын таянган абалында көпкө чейин ойлонуп отурган жигит бир кезде мага карай көз чаптырып калды («Ала-Тоо»). 4. Оорулуу адамдын ал-жайы, шайы. Ажардын абалы күндөн күнгө начарлады (Жантөшев). 5. Коомдук-саясий мамилелердин жалпы көрүнүшү, коомдук турмуштун шарты. Эл аралык абал. Өлкөнүн экономикалык абалы. 6. Чама-чарк, даремет. Ар бир саптын баркына, Абалыңды көр сынап (Байзаков).